Чыңгыз Айтматов адабият майданына жаңыдан келгенде


с. 1 с. 2 с. 3 с. 4
Чыңгыз Айтматов адабият майданына жаңыдан келгенде...

Жакшы көргөн кесиптешим, калемдешим, сырдашым,
илим доктору Музаффер Үреклиге



1. Менин Чыңгыз Төрөкуловичти сыртынан алгач таанышым
1952-жылдын апрели. Мен Бишкектеги №5-орто мектептин сегизинчи классында окуйм. Айылдан келгениме тогуз ай болгон. Көбүнчө орус тилин үйрөнүү менен алектенип, натыйжада жөө жомоктор түгүл, жеңил адабий чыгармаларды түшүнүп окуганга жарап калгамын. А кезде дүкөндөрдө, киоскаларда китептер, журналдар, газеталар абдан эле арзан баада сатылчу. Алардын мага кызык көрүнгөндөрүн сатып алчумун. Мен үзгүлтүксүз окуган мезгилдүү басмасөз органы "Комсомолец Киргизии" деген жаштар үчүн чыгарыла турган гезит болчу.
Бир күнү ошол гезиттин кезектиги санында "Газетчик Дзюйо" деген аңгеме жарыяланганын көрүп келдим. Автору "Чиңгиз Айтматов" деп жарыяланыптыр, анын Бишкектеги Айыл чарба институнун студенти экени да белгилениптир. Аңгемени кызыгуу менен окуп чыктым. Анда алыскы Японияда көчөдө гезит сатып жан баккан Дзюйо аттуу өспүрүм баланын кантип жаңы согуш чыгарбай калуу үчүн жүрүп жаткан эл аралык күрөшкө катышып калганы сүрөттөлгөн экен.
Дал ошол тушта Совет бийлиги "Тынчтыкты жактоочулар кеңеши" деген эл аралык уюм куруп, "дүйнөдө тынчтык болсун" деген ураан менен саясий кампаниялар жүргүзүп жаткан эле. Тынчтыкты жактоочулар кеңешинин дүйнөлүк жаңы согуштун чыгышына каршылык көрсөтүүгө чакырыктары Советтер Бирлигинде гана эмес, капиталисттик өлкөлөрдө да колдоо таап жатат дегендей кабарлар гезит-журналдардын беттеринде үстөкө-босток чыгып турган. Дүйнө калкынын тынччылыгын коргоо темасын козгогон, согуш отун тутандырууга камынгандарды айыптаган ырлар, аңгемелер, макалалар күн сайын жарыяланчу. Демек, советтик газеталар тынчтыкты коргоо темаларына арналган адабий чыгармаларга муктаж эле. Студент Чыңгыз Айтматов да мезгилдүү басма сөз бетинде жаш жазуучу катары көрүнүү үчүн учурдагы советтик идеологияда актуалдуу маани алып турган ушул темага тийинип, өзү көрбөгөн, билбеген Япониянын бир баласы тууралуу аңгеме жазып ийиптир.
"Газетчик Дзюйо" аңгемесин биринчи окуганымда мага кандай таасир бергени эсимде калбаптыр, бирок мени бир кыргыз жигитинин орусча аңгеме жазып жибергени аң-таң кылганы алигиче эсимде. Ушуга байланыштуу дагы бир эсимде калганы ушул: мектеп интернатында мени менен бир бөлмөдө жашоочу жолдошторума Чыңгыз Айтматов деген бир кыргыз студентинин орусча аңгеме жазганын сүйүнчүлөп, гезиттин номерин көрсөтсөм, ошо жерден кызуу талаш чыгып кеткен. "Бу кыргыз эмес го, казак болуш керек" деген бирөө. "Эмне үчүн казак?" - десем, ал: "Аты да, фамилиясы да казакча турбайбы",- деген. Дагы бирөө: "Кыргыз болсо, аты Чыңгыз эмес, Чыңгыш, фамилиясы Айтматов эмес, Айтмаматов болбойт беле"- деп туурадан чыккан. Айтор, талашып-тартышып, жаңы автордун улуту кыргыз же казак экенин аныктай алган эмеспиз. Бирок эртеси эле баарыбызга белгилүү болгон: Чыңгыз Айтматов мага параллель класста окуган Темир Шамшибаевдин жездеси экен, биздин интернатта жатып, бирок башка мектепте бизден бир класс өйдө окуган Люция Айтматованын бир тууган агасы экен.
Андан көп өтпөй ошол кезде жылына үч-төрт мертебе орусча чыгып турчу "Кыргызстан" деген адабий альманахтын жаңы санын китепканадан алып карасам, анын ичинде мен окуган "Газетчик Дзюйо" менен кошо Ч.Айтматовдун "Ашым" деген жаңы аңгемеси жарыяланыптыр. Бул аңгемеде да эл аралык Тынчтыкты жактоочулар кеңешинин жаңы согуштун чыгышын токтотууга чакырыгынын кыргыз айылында кантип колдоо тапканы баяндалыптыр.
1952-жылдын күзүндө каникулдан Бишкекке кайтып келерим менен баягы эле "Комсомолец Киргизии" гезитинен Ч. Айтматовдун "Мы идем дальше" ("Биз андан ары барабыз") деген аңгемесин окудум. Аңгемеде бир мурап чалдын баласынын Волга-Дон каналын курууга катышып жүргөнү, каналды куруп бүтөөр замат Улуу түркмөн каналын курууга кете турганы жөнүндө айтылыптыр. Ошол кезде массалык маалымат каражаттары советтик диктатор лидер И.В. Сталиндин табиятты кайрадан жасап чыгуу планын, асыресе "Коммунизмдин улуу курулуштары" деген жалпы ат менен узун-узун каналдардын казылышын, эрме чөлдөр менен ээн талаалардын чет-жакаларына токой тилкелеринин эгилишин тыным билбей прогандалап жаткан эле. Учурдун ушул актуалдуу масалесин пропаганда кылууга Ч. Айтматовдун да үлүш кошууга чыгынганы ачык-айкын эле.
1953-жылдын жаз маалы болсо керек, мен Бишкектеги Кыргыз драма театрынын кайсы бир спектаклине мектептеш балдар менен кошо барып, Чыңгыз Төрөкуловичтин өзүн биринчи ирет көрдүм. "Тиги кишинин жанында турган менин жездем" - деп кыргызга окшобогон, кавказдыктар кейиптенген алыбеттүү жигитке карай кол жаңсай берип мага шыбырады классташым Темир Шамшибаев (Чыңгыз Төрөкуловичтин кайниси). Себеби мен ага: "Жазуучулардын бардыгын сыртынан тааныйм, сенин жездеңи эле көрө элекмин" - деп калчумун.
Чыңгыз Айтматов мен чыгармаларын жакшы билген, өзүн да көчөдөн, жазуучулардын жыйындарынан, театрлардан дайыма көрүп жүргөн драматург жана прозаик Токтоболот Абдымомуновдун жанында турган экен. Экөө тең спектаклге балканактай сулуу келинчектерин ээрчитип келиптир.
Мен ошондон кийин Чыңгыз Айтматов менен Токтоболот Абдумомунов экөөнүн дайыма бирге жүргөнүн көчөлөрдөн, театрлардан, ар кыл маданий жыйындардан көрүп жүрдүм. "Жездең менен Абдымомунов тим эле эгиз козулардай ээрчишип калыптыр го" - дедим бир күнү мен Темирге. "Ал киши жездемин кыйышпас досу, - деди Темир. - А кишинин аялы менен Керез эжем да аябай ынак".
Ч. Айтматов достуктун бир белгиси катары Т.Абдымомуновдун "Кудалар" деген аңгемесин орусчага которуп "Кыргызстан" альманахына жарыялаган болчу. Бул фактынын эсимде калган себеби ушул: аңгеме кандай орусчаланды экен деп оригиналы менен салыштырып окуп көргөн элем.
Мен 1954-жылдын сентябрынан Кыргыз университесинде окуй баштадым. Ошондо Ч. Айтматов мени дагы бир жолу таң калтырды. Аны кыргызча жаза албайт го деп жүрсөм, кыргызча жападан жалгыз адабий журнал болгон "Советтик Кыргызстанда" (көп өтпөй "Алатоо" атын алган журнал) Чыңгыз Төрөкуловичтин "Ак жаан" деген аңгемеси жарык көрдү. Аңгеме кадыресе жатык кыргызча эле жазылган экен!
Ошол кезде мен орус тилин жакшы эле үйрөнүп, орусча өрнөктүү көркөм чыгармалардын бир далайын окуп койгон элем. Мен айрыкча ал мезгилде атагы чыга баштаган орус аңгемечилери Сергей Антонов менен Юрий Нагибиндын жазгандарын калтырбай окучумун. Адабий чыгармалардын жакшы-жаманын анча-мынча ажыратып, кыргыз жазуучуларынын карасөз менен жазып жүргөндөрүнө, асыресе аңгемелерине канааттанбай калгамын. Ал эми Ч. Айтматовдун "Ак жааны" мени кадимкидей маашыркандырган, себеби ал аңгеме турмуш окуясын жана адамдардын жүргөн-тургандарын, кылган-эткендерин сүрөттөө жагынан мен кызыгып окуп жүргөн орусча аңгемелерге көп жагынан окшош эле.
Андан кийин (жаңылбасам, 1955те) ошол эле "Советтик Кыргызстан" журналында жаш жазуучунун "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" деген эки аңгемеси жарыяланды. Алар темалары жагынан оригиналдуу эмес эле, бирок кыргыз прозасы үчүн жаңы баяндоо жана сүрөттөө ыкмалары менен жазылган болучу. Ошондуктан ал аңгемелер адабиятка ынтызар жаштарга абдан жагып, айрым адабият сынчылдарынын оң баасына арзыган.
Ч. Айматов ошол кыргызча жазган аңгемелери менен жазуучулар чөйрөсүнө таанылып, 1956-жылы Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин сунушу менен СССР Жазуучулар Бирлигинин мүчөлүгүнө кабыл алынган. Сыягы өз алдынча китеби чыкпай туруп расмий жазуучулук наамын алган биринчи кыргыз калемгери биздин Чыңгыз Айтматов болсо керек.
2. Маалынан эрте бышкандай...
1956-жылы Москвада СССР Жазуучулар Бирлигине караштуу эки жылдык "Жогорку адабият курстары" деген жаңы окуу жайы ачылган. Бул окуу жайы негизделгенде Россиянын элеттик бөлүктөрүндө жана улуттук республикаларда жашаган, атайын гуманитардык таалим-тарбия көрбөгөн келечектүү жазуучуларга жалпы маданий деңгээлин, айрыкча кесиптик (адабий) билимин өйдөлөтүү жагынан көмөк көрсөтүү максатын көздөлгөн.
Советтик жазуучулардын катарына өтүшү Ч.Айтматовдун ошол Жогорку адабият курстарына кабыл алынышына жол ачкан. Жаңы ачылган окуу жайдын биринчи окуучуларынын арасына кошулуп калышы жаш кыргыз жазуучусунун адамдык тагдырына туш келген алгачкы оомат сыяктуу болгон. Москвада кошумча таалим-тарбия алып калышы өзүнүн интеллектуалдык жана кесиптик жактан өсүшүндө зор роль ойногонун Чыңгыз Төрөкул уулу кийинчерээк бир макаласында мындай белгилеген:
"Эки жылдык окуу машакаты мендей зоотехникке гуманитардык жана теориялык жактан гана эмес, практикалык жактан да өтө көп пайда келтирди. Асыресе ал учурдагы биздин семинарлар, талкуулар мен үчүн чыгармалар жаратуу тажрыйбасынын жакшы бир мектеби болду. Мен өзүм да Москванын маданий турмушундагы, айрыкча адабиятындагы жана театр дүйнөсүндөгү жаңылыктардын бардыгын таанып билүүгө, акыл-сезимиме сиңирүүгө жан үрөдүм".
Анын үстүнө Ч.Айтматов Москвада окуган эки жыл совет коомунда узак заман сүргөн сталинизм зулумчулугу расмий катуу сынга алынып жана ашкереленип, тоталитардык режим кескин жумшарып, билимдүү адамдардын мурдагыга караганда эркинирээк ойлонушуна жана ой-пикирлерин жарыя айтышына мүмкүндүк ачыла баштаган мезгил эле. Мындай жаңы шарттар советтик илимге, искусствого, адабиятка мамлекеттик сенек идеологиянын тар алкагынан бошонуу, изденүү, жандануу шанстарын берген. Идеялык, моралдык, эстетикалык изденүүлөр айрыкча москвалык интеллектуал чөйрөдө көбүрөөк жүргөн. Дал ошол интеллектуалдык чөйрөгө өз маалында аралашып калышы Ч.Айтматовдун өз алдынча сынчыл ойлоо жөндөмүнүн ыкчам ойгонушуна жана өөрчүшүнө аралжы болгон.
Баса, И.В.Сталиндин зоболосуна сыйынуу практикасынын расмий түрдө четке кагылышы Чыңгыз Айтматовдун жекече адамдык тагдырына да кескин өзгөрүүлөр киргизген. Биринчиден, анын жалган жалаа менен жексенделген атасы сталинизм зулумчулугунун жазыксыз курманы катары биротоло акталган, экинчиден, анын өзү "эл душманынын үйбүлөсүнүн мүчөсү" катары укук жактан чектелүүдөн, карьера жагынан аксоо ыктымалынан арылган.
Советтер Бирлигинин Коммунисттер партиясынын 1956-жылы февралда өткөн XX курултайында Совет мамлекетин 30 жылдай монарх сыпатында башкарып, өзү курган тоталитар бийликтин күчү менен букараларына даанышман, адилет, ыйык көрүнүүгө жетишкен И.В.Сталиндин жалпы саясий иш-аракетинин терс бааланышы, артынан анын шаар-кыштактарга, көчөлөргө, өкмөттүк мекеме-уюмдарга коюлган атынын жапырт өчүрүлүшү, миң сандаган эстеликтеринин, портреттеринин, китептеринин жок кылынышы, жадагалса аты-жөнүнүн жарыя айтылышына жана басмасөздө жазылышына тыйым салынышы мүлдө совет элинин, айрыкча билимдүүлөр катмарынын көпчүлүк өкүлдөрүн кадыресе шок абалына келтирген. Анткени тышкы дүйнөгө жабык коомдо, тоталитар бийликтин контролу астында, мамлекет башчысына сокур ишенүү, сыйынуу, көшөкөрлөнүү атмосферасында жашаган, аң-сезими бүтүндөй идеологиялашкан мектептик таалим-тарбия, калпты чындай айткан расмий үгүт-насаат, дагы башка азгырма пропагандалык ыкмалар аркылуу калыпка салынган кишилер диктатор лидердин саясий кылмыштарын, өлкөдө социализм куруу практикасынын драмалуу, атүгүл трагедиялуу тараптарын билген эмес.
И.В.Сталин чакан бир элдин кулуну эле, андыктан ага карата урмат-сый, мээрим, ынаным улуттук совет республикаларынын жергиликтүү калкынын арасында өтө күчтүү болгон. Натыйжада жакында эле көз жумган сүйгүнчүк жол - башчынын өз шакирттери тарабынан көөлөнүшүн кыргыз билимдүүлөрү, асыресе сталинизм зулумчулугунан азап көрбөгөн жазуучулар кастык менен каршылап, диктаторго карата сүймөнчүлүгүн мурдагысындай эле сактап кала берген. Алар өздөрү кудайындай көргөн Сталиндин түбөлүк козголбой турчудай көрүнгөн кадыр-баркын зөөкүрлүгү, авантюристтиги, көзү жок баатырлыгы аркылуу аласалдырганы үчүн жаңы советтик лидер Н.С.Хрущевди аябай өгөйлөп, жектешкен. Сталин менен Хрущевго карата мындайча эки ача мамиле кыргыз жазуучуларынын чөйрөсүндө узак убакытка уланып келген.
XX партия курултайы өткөн чакта мен Университеттин экинчи курсунда окучу элем. Орусча прессада жана адабиятта кандай жаңылыктар чыкса, баарын сыдыра окуп, жанталашып билим сиңирип жүргөн кезим. Мен томолой жетим элем, "улуу террор" тушунда түрмөдө тындым кылынган таятанын небереси жана таекенин жээни, "эл душманы" деп эки жыл камакта калып, андан айыкпас дартка чалдыгып чыккан жана ошол дартынан акыры өлүп тынган атанын уулу элем. Атам тирүүсүндө түрмөдө бейкүнөө азап чеккенин, туугандарынын, теңтуштарынын, ашыналарынын ак жеринен айыпталып жазаланганын жобурап аңгемелегенден жадачу эмес. Анан да биздин айыл белгилүү корбашы Жаныбек казы чыккан, бир далай эр жигиттери басмачылар кыймылына тикелей аралашкан, 1928-жылга чейин жаңы өкмөткө итаат кылбай койгон ээнбашыраак айыл болучу. Ошонун айынан эр жеткен эркектердин басымдуу көпчүлүгү камалып, атылып, сүргүнгө айдалып, чет элге качып, катын-балдарын жетим, жесир, өксүк калтырган эле. Капсалаңдан аман өткөн абышкалар беш-алтыдан баш кошсо эле жаңы бийликтин айыл элине көрсөткөн кордук-зордугун жомоктоп, падыша заманын армандуу жоктоп отурушчу. Мен анда совет заманын, бийлигин, Сталин баштаган лидерлерин алкаган же мактаган кеп-сөздөрдү дегеле эшиткен эмесмин. Согуш мезгилинин орто ченинде балдары кан майданга кеткен кемпирлердин Сталинге каргыш айтканын көп уккамын. Баса, мектепке коктулардан түшүп келчү балдар көчөдө баратып: "Улуу Сталин атабыз, ураандарын чачабыз, үйдөн сыртка чыгалбай, ыштаны жок жатабыз,"-деп ырдай беришчү. Бул ырды чоң кишилердин бир жамакчысы тамашалап чыгарып койсо, оңбогон балдар шап илип алган болуу керек. Айтор, менин бала чагым совет бийлигине, большевиктер партиясына, Сталинге сүймөнчүлүк көрсөтпөгөн, ыраазы болбогон, жан-дилден таазим кылбаган чөйрөдө өткөн. Ошондуктан Сталиндин күнөөсүз далай адамдарды жазалоо кампанияларынын расмий түрдө айыпталышын мен эч өгөйлөбөй кабыл алып, олку-солку болбой кубаттагамын.
Сталинизм сынга алынган соң капыстан 1920-30-жылдары жарык көрүп, бирок кийин китепканалардын архивинде "камалып" жаткан китептер, журналдар, газеталар ачыкка чыгарылды. Мен алардын көпчүлүгүн баса калып окуп, аң-таң калдым: көрсө, биз окуп жүргөн дарс китептеринде, саясий жана илимий тексттерде СССР тарыхынын алгачкы мезгилине тиешелүү көп сандаган фактылар жашырылып, бурмаланып, тескери көрсөтүлүп жүрүптүр!
Сталинизм заманында массалык маалымат каражаттары, адабий чыгармалар, дагы башка китептер аркылуу элге-журтка таңууланган теориялык түшүнүктөр, догма мүнөздүү ой-пикирлер, стереотиптешкен мифтер Москва менен Ленинград шаарларында чыгуучу газета-журналдардын ар бир жаңы санында сындалып, төгүндөлүп, кайра каралып жатты. Мурдагы идеологиялык пропагандага каршы келген жаңы ойлор, көз караштар, талдоолор айтыла баштады; тарыхый жана актуалдуу коомдук маселелердин тегерегинде кызуу талаш-тартыштар жүрдү. Мурдагылардан кескин айрымалуу жаңы маани-маңыз ташыган адабий чыгармалар жарыяланды. Мен ошол антидогматикалык макалалардын, өтө курч талаш-тартыштардын, кызыктуу адабий чыгармалардын дээрлик баарын калтырбай окуп, күн сайын жаңы маалыматтарды өздөштүрүү процессинде жашадым. Ошол маалыматтар кыялымды алып учуп, акылымды чымырканып иштөөгө мажбурлады, кээ бирлери атүгүл жан дүйнөмдү силкиндирди.
Кыскасы, мен өз алдымча ой жүгүртүүнүн, алда качан ачылган чындыктарды кайрадан ачуунун, ар кандай нерсеге сын көз менен кароонун азаптуу жолуна түшүп, Университетти бүткөнчө эркин ойлоо жөндөмүмдү бир кыйла өстүрө алдым шекилди. Башкасын айтпаганда да, Сталиндин зоболосуна сыйынуу адатына сокку урулганы, анын идеологиялык саясатынын жана эл башкаруу методунун четке кагылганы ар тараптан туура болгонуна, айрыкча илим, искусство, адабият үчүн жаңы перспективалар ачканына көзүм жетип калган эле.
Ал эми мен аралашып жүргөн көпчүлүк студенттер, асыресе алардын жазуучулукка талапкерлери, атүгүл бизден жашы улуураак жазуучулар Хрущевдун сталинизм зулумчулугун сынга алып, совет кишилеринин ак жеринен айыпталуу, жазалануу коркунучунан куткарганын, интеллигенттер үчүн эркин ойлоого, өсүүгө, иштөөгө мүмкүнчүлүктөр жаратып бергенин анча баалашчу эмес. Тескерисинче, өздөрү жакындан тааныбаган Сталиндин өзүн, бийлик жүргүзүшүн, доорун мактап-жактап, Хрущев коомго киргизген жаңылыктарын жерип, анын өзүн аябай жаман көрүшчү.
Мен биздин билимдүү эле кишилердин пайдасынан зыяны көп болгон сталинизмге катуу сокку урганы үчүн Хрущевду жектегенине таң кала берер элем. Мунун себептерин түшүнчү да эмесмин, бирөөлөргө түшүндүрүп бере алчу да эмесмин. Бирок бир күнү профессионал уурулугу үчүн көп жыл түрмөдө жатып чыккан бир автордун өтө кызыктуу китебин окуп отуруп, андан мамындай бир турмуш чындыгын билдим.
Көрсө, 15-20 жыл түрмөдө калып, даяр тамактан, жатаканадан, жумуштан, мончодон пайдаланганга жедеп көнүп бүткөн кээ бирөө бошонуп сыртка чыгаар замат өз алдынча жашоо машакатына кабылат экен. Өзүнчө үй издеп, иш издеп табуу, тапкан акчасына өзү барып азык-түлүк алуу, андан өзүнчө аш-тамак жасоо, өзүнчө мончого баруу, өзүнчө кийим, шейшеп алмаштырып туруу ага кызылдай эле мээнет көрүнөт экен. Анан а киши өз бетинче тиричилик кылуу убарачылыгынан заарканып, эркин жашоого караганда камактагы көнүмүш турмушун артык көрөт экен да, майда кылмыш жасап кайра түрмөгө түшүп, кыйналган жанын жай таптырат экен.
Ушул чындык мени аябай таңыркатып, капыстан эс-жадыма көпчүлүк кыргыз билимдүүлөрүнүн Сталинди жакшы көрүп, Хрущевди кектеп-жектеп жүргөнүн эске салды. Алардын бу жоругу да узак жылдарга созулган камактан чыгып, өз алдынча жашоо мүмкүнчүлүгүнөн заарканып, жадап, жүдөп, кайра түрмөнүн шарттарын самай баштаган кишилердикине окшош эле. Айтса-айтпаса , Н.С. Хрущев сталинизм кесепеттерин ашкерелөө аркылуу советтик интеллигенттерди сталинизм духовный түрмөсүнөн бошотуп, аларга: "Ар кимиң өз башың менен ойлонгула, ар кандай чындыкка өз акылыңар менен жеткиле,"-дегендей ишаарат берген эле.
Бирок өз алдынча ойлонуу аракети өз алдынча тиричилик өткөрүү убарачылыгынан бешбетер машакаттуу жумуш экен. Андыктан тоталитар бийликтин шарттарында тарбияланган жана иштеп көнгөн көпчүлүк кыргыз интеллигенттери өз алдынча акыл иштетип, ой азабын тартуу, өз бетинче дүйнө таанып, турмуш чындыктарын кыйналып ачуу маалы келгенде андай машакаттуу жумуштан жалтайлап качып, өз алдынча чайналып ой жүгүртүү зарылчылыгын талап кылбаган сталинизм доорун жактап, атүгүл сталинизм духовный түрмөсүн эңсеп жүрбөйбү.
Албетте, сталинизм бийлигинен запкы көрүп чоңойгон себептүү Чыңгыз Айтматов ал бийликти жаратып, 30 жылдай өкүм сүрдүргөн диктатор лидердин опсуз чоң кадыр-баркынын өлгөндөн үч жыл кийин эле расмий түрдө төмөн түшүрүлгөнүн, анын зулумдук саясатынын ачык айыпталганын туура кабыл алганга психологиялык жактан даяр эле. Экинчиден, ушул психологиялык даярдыгы менен бирге акыл-эсинин сенейип катканга үлгүрбөй, ийилчээк, ийкемдүү бойдон калышы да анын жаңы саясий кырдаал туудурган ой-пикирлерди жан-дили менен өздөштүрүшүн, тоталитар бийликтин капыс жумшарышынан улам совет интеллигенциясы үчүн келип чыккан ыңгайлуу шарттардын өз убагында эптүү пайдаланышын мүмкүн кылган. Үчүнчүдөн, Ч.Айтматов совет коомунун саясий, идеологиялык, маданий турмушунда жаңылануу процесси козголгондо идеялык жанданыш жана издениш жагынан алдыда турган Москванын интеллектуалдык чөйрөсүндө жашап калбадыбы. Бул жагдай да, өйдө жакта айтылгандай, анын акыл-эсинин интенсивдүү иштей башташына, советтик таалим-тарбиядан алган жалган түшүнүктөрдөн жана элестерден тез кутулушуна, көргөн-билгендерин сын көз менен тескеп-териштирип көрүшүнө өтө күчтүү түрткү берген. Айтор, совет коомунда кыш чилдеси капыстан алашалбырт менен алмашылгандай учур ("оттепель") башталганда Москвада өткөргөн эки жыл жаш кыргыз жазуучусу үчүн духовный (рухий) жактан чапчаң өсүүнүн, асыресе дүйнөгө өз көзү менен карап, өз алдынча ойлонууга үйрөнүү, чыгармачылык фантазиясын каалагандай эркин учуруу жана сөз азабын тартып иштөө тажрыйбасын байытуу, эстетикалык табитин курчутуп назиктентүү мезгили болду деп айтууга толук негиз бар.
Жогорку адабият курстарында окугандын дагы бир артыкчылыгы бар эле: анда окуган жазуучуларга дурус стипендия, жетиштүү бош убакыт, жатаканадан өзүнчө бөлмө берилип, алардын көр тирилик проблемаларын чечүүгө алагды болбой, беймарал отуруп алып жаңы чыгармалар жазышына ыңгайлуу шарттар жаратылган эле. Чыңгыз Айтматов бул бурсаттан да эптүү пайдаланып, өзүнүн жаңыланган ойлоо жөндөмүн, кыялын, табиятын ишке салуу менен көркөм тексттер жазуу ышкысына тартылып, эргиштөө менен адегенде "Бетме-бет", артынан "Жамийла" повесттерин жазган.
Орусча жазылган "Бетме-беттин" тексти алгач 1957-жылы "Советская Киргизия" газетасында сандан санга уланып, узак убакыт бою жарыя кылынды. Москвалык "Литературная газета", "Комсомольская правда", "Известия" деген жаңы маалыматтарга абдан бай газеталардын бир санын да кыя өткөрбөй окуп жүргөн мен үчүн жаңы ой-пикирлерге өтө жарды "Советская Киргизия" анча кызыктуу деле болбогон себептүү мен аны үзбөй окучу эмесмин. Ошондуктан ал газетада "Бетме-беттин" бир четинен чубалжытып басылып атканы баамыман сырткары калыптыр. Анын кабарын мен троллейбуста кетип баратып интеллигент түспөлдүү жашамал орустардын оозунан эшиттим. Эки орус киши Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" деген жаңы чыгармасы "Советская Киргизияда" басылып атканын өз ара сөз кылып отуруптур. "Повесттин башы өтө кызык экен, ылдый жагы да ошондой кызык чыкса, адабияттагы бир жаңылык болот,"-деди бири. "Кыргыздардан да бир чыныгы жазуучу чыгып калат окшойт,"-деди экинчиси. Анан мен троллейбуска түшкөн сайын кээ бир орус жүргүнчүлөрдүн газетада сандан-санга басылып аткан "Бетме-беттен" сөз кылып, анда сүрөттөлгөн турмуш көрүнүштөрүн куду учурдагы актуалдуу саясий окуялар сыяктуу талкуулашканын угуп жүрдүм.
Менин байкашымча, Бишкектин орус окурмандарын "Бетме-бетте" согуш маалындагы айылдык турмуштун кыйынчылыктары ишенчиликтүү көрсөтүлгөндүгү кызыктырды. Себеби согуштан кийин жарык көргөн адабий чыгармалардын дээрлик бардыгында тылда калган карапайым кишилердин согуш убагында мажбурлуу оор мээнет, жокчулук, кайгы-капа, муң-зар ичинде жашаганын сөз кылышчу эмес. Ал эми "Бетме-бетте" ал мезгилдеги турмуш чындыгынын бир далай типтүү белгилери айкын чагылдырылган эле.
Мен "Бетме-беттин" орусча толук текстин "Литературный Кыргызстан" журналынан, анын автор өзү кыргызчалаган вариантын ошол эле 1957-жылы "Алатоо" журналынан окудум. 1958-жылдын баш ченинде "Бетме-бет" Москвада чыгып турчу кадыр-барктуу калың адабий журналдардын бири "Октябрь" дегенде автордук вариант эмес, кыргызчадан орусчаланган чыгарма түрүндө басылды. Чындыгында повестти автору өзү эле орусча жазган эле, бирок анын орусчасы журналдын жетекчилигине стиль жагынан талаптагыдай көрүнгөн эмес окшойт, анын тилин ийине жеткириш милдети В.Дроздов деген жазуучуга тагылыптыр. Мен "Бетме-беттин" "Литературный Кыргызстан" журналында жарыяланганы менен "Октябрь" журналында басылганын салышытырып окуп көрүп, котормочу повесттин орусча тилине жарык, шаңдуу, көркөм касиеттер бере алганын билдим.
Баса, "Бетме-бет" кыргыз адабиятынын москвалык калың адабий журналдардын биринде биринчи жолу жарыяланган прозалык чыгармасы да болучу.
"Бетме-бет" повести Ч. Айтматовдун чыгармачылык жактан күтүүсүз бийик секирик жасаганын айгинелеген сонун адабий текст эле. Бирок анын кыргызчасы деле, орусчасы деле жөнөкөй окурмандардын кызыгуусун туудурган менен, кыргыз жазуучуларын, айрыкча адабият сынчыларын кайдыгер калтырды. Газета-журналдарга ага баа берген рецензиялар же макалалар чыккан жок. Мен муну адилетсиздик деп таап, "Бетме-бет" туурасында бир узун макала жазууга чыгына баштадым.
Мен а кезде университеттин төртүнчү курсун аяктаганы калгамын. Менден бир курс өйдө окуган студент чагында эле аңгемелери жана сын макалалары менен көзгө көрүнүүгө үлгүргөн эң жакын жолдошум Камбаралы Бобулов (1936-2003) төртүнчү курсту бүтөрү менен эле "Алатоо" журналынын адабий сын бөлүмүнө кызматка алынып, бир жылдан бери окуп да, иштеп да аткан. Журнал сын макалаларга жутап тургандыктан Камбаралы мага үч-төрт макала жаздырып, жарыялатып жиберген. Ошол макалалардын аркасы менен мен адабий чөйрөгө таанылып, дагы бир сын багытындагы проблемалуу узун текст жазып ийип, эли-журтту бир аң-таң кылсам деп жүргөмүн.
"Бетме-бетте" айылдык дыйкан жигит согушка мажбурлуу жөнөтүлүп, поездде кетип баратканда кан майданда бөөдө өлүп калуу ыктымалынан корккон себептүү дезетирлик (аскер качактыгы) кылгандыгы баяндалган экен. Бул баянды окуганда эле менин эс жадымымда согуш мезгили жөнүндө жазылган советтик адабият китептерине кезиккен дезертирлер кылт этти. Китептик дезертирлер эски эзүүчү таптардын Совет өкмөтү колунан байлык, бийлигин тартып алган өкүлдөрү же алардын бала-чакалары сыпатында социалисттик адеп-ахлак нормаларын тутунбаган, патриоттук ой-сезимдерге берилбеген, атүгүл кебете-кешпиринин куниктиги менен айырмаланган шүмшүктөр катары көрсөтүлгөн эле. Ал эми "Бетме-беттеги" дезертир Совет бийлигинен жазаланбаган, ал бийликти жек көрбөгөн, пейли-кую, өңү-түсү деле жаман болбогон карапайым айылдык жигит экен.
Экинчиден, согуш маалындагы турмуш көрүнүштөрүн көркөмдөп чагылдыруу максатын көздөгөн роман-повесттерде оң каармандар согушка суранып, жулунуп, райондук аскер комиссариаттарын эртереээк жөнөткүлө деп демитип атып кетишчү. Ал эми мен бала чагымда өз каалоосу менен шаттанып согушка (атүгүл тынч мезгилдеги эле үч жылдык аскер кызматына) жөнөгөн бирөөнү көргөн эмесмин.
Элес-булас эсимде бар: согуш убагында айылыбыздын аскерге чакырылган эркектери адегенде токойго, тоо-ташка жашынып, урушка барбоо амалын издеп далбас уруп көргөн; алар ата-энесине же жакын туугандарына өкмөттүк катуу кысым жасалганда гана айласы түгөнүп, заманасы куурулуп, өкмөтчүлөрдүн колуна түшүп берген да, боздоп ыйлаган бойдон кан майданга айдалган. Биздин туугандардын бир даары Өзбекстанга, атүгүл жакын эле айылдарга кире качып солдат болгондон кутулган. Баса, 1944-жылы мен экинчи класста окуп атканда Эрмат абанын уулу Назилбек согуштан тырбайып арыктаган, жүдөп-какаган кейпинде келип калды. "Назилбек дал уруштун өзүнөн качып келиптир" деген күбүр-шыбыр тарады айылга. Бул имиш-имиштин чын экени согуштан кийин билинди. Көрсө, катардагы солдат Назилбек Эрматов куду Кубань талааларында жүрүп жаткан салгылаштан дыр коюп качыптыр да, эптеп тапкан граждандык кийими менен жөө-жалаңдап маңып, жүк ташыган вагондорго жармашып, шаар-поселкаларда тилемчилик кылып, кооптуу абалга туш келгенде дудуктун ролун ойноп, айтор, өлдүм-талдым менен үч айдан ашуун убакытта айылыбызга жетип келиптир. Кийин заман тынчыганда теңтуштары: "Ай, оңбогон жаны жок, ушунча узак жолду кантип арыттың, деги уруштан кантип качтың?"-деп сурашса, Назилбек аке минтип жооп бериптир: "Урушта жүрө берсең, бир күнү мүрт кетип, арам өлгүдөйсүң, жан таттуу экен, өлгүм келген жок, качтым!"
Согуш убагындагы дезертирликке байланыштуу бала чагымда мамындай имишти да угуп жүрчүмүн. Жазы дайрасынын күнгөй өйүзүндө, куду тескейдеги биздин айылга маңдайлаш "Эркин-Тоо" деген колхоз согуш бүтөр замат эле электр станция куруп, тамдарын, көчөлөрүн түн бою жаркыратып салды; эгилген буудайларынан таң каларлык мол түшүмдөр жыйнап, беш-алты кишиси "Социалисттик Эмгектин Баатыры" деген наамдар алып ийгени жөнүндө газеталарга жазылды: колхоздун өзүнүн да, райисинин (башкармасынын) да атагы дүңгүрөп алыска угулду.
"Эркин-Тоонун" капыстан укмуш ийгиликтерге жеткен себебин биздин айылдагылар мындай кеп кылышар эле. Калпы-чынын эмгиче териштирген эч ким жок, бирок мен бала кезде эшиткен имиштерге караганда, согуш башталар замат эле "Эркин-Тоонун" райиси алыскы айылдардын аскерге алынгандан качкан эр жигиттерин тымызын кабыл ала берип, көпчүлүк колхозчуларга билгизбей тоо этегиндеги айылынын тээ өйдө жагындагы токойлуу колотторуна жыйнаптыр. Чоочун көздөн далдаага бекитилген дезертирлерге жата турган жайлар курдуруп, тамак-аш маселесин чечип бериптир, анан согуш бүткөнчө жер айдатып, эгин эктирип жана ордуруп, кырман бастырып, тоют даярдатып, мал асыратып, аларды куду кулдар сыяктуу кыйнап иштетиптир. Кемпир-чалдар, катын-балдар менен калган колхоздор айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө кескин кедери кеткен жылдары "Эркин-Тоо" жоон топ алдуу-күчтүү дезертирлердин мажбурлуу эмгеги менен бардык жагынан дүркүрөп өсүп кетиптир.
Бала чакта өзүм көргөн же уккан ушул жана ушул сыяктуу болмуштар "Бетме-бет" повестин окуганыман улам эске түштү. Ошондо согуштан соңку көп улуттуу совет адабиятында согуш маалында тылда калган калктын тиричилик өткөрүшүнүн чыныгы драмалуу жана трагедиялуу тараптары, кишилердин өзгөргөн карым-катнаштары жана кейиштүү тагдырлары дегеле чагылдырылбай келатканына көзүм жетти. Ал эми "Бетме-бетте" өткөн согуш учурундагы айылдык турмуш чындыгынын эмгиче адабиятта чагыла элек драмалуу бир окуясы расмий идеологиялык талаптарга ылайык саясатташтырылбай, асыресе кыргыз жазуучулары дагы эле тутунуп келаткан "тап күрөшү" идеяларына багындырылбай, кадыресе чынчылдык менен таамай, элестүү, ынанымдуу сүрөттөлгөн эле. Повесттин ушул артыкчылыктары менин көңүлүмдү жубатып гана тим калбай, күчтүү силкиндирип да таштады. Ошондуктан мен жаза турган макаламда "Бетме-беттин" баш каарманы Ысмайылдын дезертирлик мажарасын реалдуу турмуштагы жана адабий китептердеги аскерден качкандардын тагдырлары менен салыштырып баштамак болдум да, буга камылга көрүү иретинде эски-жаңы согуштардын окуялары сүрөттөлгөн чыгармаларды жана согуш темасынын көркөм адабиятта иштелиши жөнүндө жазылган илимий китептерди окуй башадым.
Бир күнү бир китептен ошо кезде Советтер Бирлигинде үлкөн кадыр-барк тапкан америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэйдин бир айтканын жолуктурдум. А киши өзүнүн Биринчи дүйнөлүк согушка да, Экинчи дүйнөлүк согушка да ыктыярдуу катышканын түшүндүрө келип мындай деген экен: "Согуш өзү дүйнөдөгү кызылдай балээ, кырсык, мүшкүл, бирок кээде ошондой балекеттерге каршы беттеп барып, согушууга туура келет."
Ушул кеп-сөз "Бетме-беттин" мазмунуна тиешелүү менин башымда куралган ойлор тизимине жаңы багыт берип, повесттин баш каарманынын кан майданга баруудан жалтайлап качканынын психологиялык себептерин ачып берүүгө ачкыч сыяктуу боло тургандай көрүндү.
Мен ушул темага байланыштуу төмөнкүдөй ой жорудум. Арийне, кызыл кыргын кан майданда жүргөн адамдын төбөсүндө өлүп калуу ыктымалы кылга илинген кылычтай дайыма салаңдап турган болот, ошондуктан ар кандай тирүү жан согушка баргандан (демек, өлүү ыктымалынан) зыркырап коркот. Согуш майданына эч ким жөн эле элирип, сүйүнүп, жулунуп жөнөп бербейт. Бирок бир алдуу-күчтүү жоо баскынчылык максаты менен бир өлкөгө жапырып кирсе, жапырыкка өлкөнүн улуттук аң-сезимге каныккан, державалык патриотизм ынанычтарын ташып жүргөн атуулдары, тактап айтканда, баскынчылык уруштун өз элин, туугандарын, үй-бүлөсүн кулдандыруу үчүн ачылганын өткүр туюнуп, жутунуп келген душманга каршы куралчан салгылашуу зарылдыгын айкын түшүнгөн билимдүү кишилер гана өлүмгө кайыл болуп өз ыктыяры менен согушка белсенип кире алат. Ал эми көр тиричилик өткөрүү, үйбүлө багуу, кожоюнга (өкмөткө же эзүүчү байга) каржалып иштеп берүү жана салык төлөө машакаттары менен алаксып жүргөн карапайым эмгек адамдары, айрыкча дыйкандар кан майданга мамлекет мажбурлап зордогондон гана мойнунан байлагандай кыңырылып атып, өлүп калуудан саруулап заарканып атып аргасыз барат. Карапайым жарандардын кара жанын артыкча аяган, бейажал өлгүсү келбеген, өлүп калуудан бүлкүлдөп корккон айрым өкүлдөрү урушка катыша турган солдат болуудан дирилдеп качат да, дезертирлик кылат. Мындай качактык мамлекеттик көз менен караганда кадыресе кылмыш түрүндө кабыл алынат, пацифисттик идеологиянын өңүтүнөн (позициясынан) караганда жөнөкөй адамдын көпкөлөң милитарист журтбашылар чыгарган кандуу кагылыштарга каршы табигый протести сыяктуу көрүнөт. "Эки төө жөөлөшсө, ортодогу кара чымындар кырылат,"-дейт кыргыз макалы. "Бетме-беттин" баш каарманы Ысмайыл да бөөдө кырылчу кара чымындардын бирөө болгусу келбей дезертир болуп жүрбөйбү.
"Бетме-беттин" мазмунун мүнөздөп баалоо багытындагы ушундай ой жорууларым жаш баланыкындай байоо, идеологиялык жактан кыңырыраак болсо да, менин көңүлүмдү бүтүндөй ээлеп, магниттей тартып, аябай ээликтирип алган эле. Булардын баарын кагазга түшүргөнү жатып Камбаралы Бобуловго ("Алатоо" журналынын сын бөлүмүнүн кызматкери болгон жолдошума) божурап айта баштасам, ал кебимди аягына чыгара койбой кызууланып кетти да, мага советтик патриотизм, адабияттагы партиялуулук принциптери, адилеттүү согуш жана адилетсиз согуш маселелери жөнүндө узун сабак дарс окуду. Акырында ал: "Ырысы жок жетим, саясатка жолобой жөн эле жүрсөңчү, - деди. - Макалаңды азыр айтканыңдай жазсаң, эч ким баспайт, башкаларды ким билсин, мен басылсын деп редакторума суна албайм".
Чындыгында мен ойлогондой мазмуну бар макала жазылса, анын басылып чыгышы мүмкүн эмес эле. "Бетме-бет" туурасында чыгарманын сапаты мындай экен, образдары сонун экен, жазылышы мыкты экен дегендей мааниде бирдеме жазуу жагы менин көңүлүмдү анча азгырган жок.
Ал-аңгыча 1958-жылдын күзү келип, мен Университеттин бүтүрүүчү курсунда окуй баштадым. Дал ошол тушта "Жамийла" повести Москвада чыгып турчу эң атактуу калың журнал "Новый мирдин" №8 санында жарыяланып калды. Бул чыгарма окурмандардын укмуштай кызыгуусуна арзыды. "Новый мирдин" аталган саны колдон колго өтүп, кезек күттүрүп, талашка түшүп окулду. Окугандардын бардыгы повесть жөнүндө маашырканып, тамшанып сүйлөп жүрдү.
"Жамийла" мага окшогон адабият майданына жаңыдан аяк таштаган кыргыз жаштарын өтө күчтүү таасирлендирди. Себеби ал чыгармада баарыбыз көргөн-билген айылдык кишилердин жашоо мүнөзү, психологиялык өзгөчөлүктөрү, үрп-адаттары, ошондой эле тууган жерибиздин табиятынын көңүлгө ынак тааныш көрүнүштөрү, кубулуштары, өң-түстөрү куду орус классиктеринин романтикалуу жаш чагындагы калеминен чыккандай бийик даражада сонун сүрөттөлгөн эле.
Баса, "Жамийла" СССРдин ар кайсы чөлкөмдөрүндө, өзгөчө Орто Азияда жашаган, адабий чыгармачылыкка олуттуу киришкен, чыныгы көркөмсөздүн кадырын билип калган жаш жазуучулардын көпчүлүгүн куду биздей эле арбап өзүнө тарткан экен. Буга мисал катары өз элинде чыгаан жаш карасөзчү деп саналган таланттуу тажик калемгери Пулат Толистин "Новый мир" журналынан "Жамийланы" окугандан кийин тамшанып айтканын келтире алабыз: "Карасөз деп ушуну айт! Мен дегеле мындай карасөз окуй элек элем. Бул чынында карасөз эмес эле укмуш сонун ыр экен. Мен "Жамийлага" окшогон бир чыгарма жазып салсам, бу дүйнөдөн бекер жашап өтпөдүм деп айтар элем".
"Новый мирде" жарыяланган "Жамийла" эки айдан кийин ("Алатоо" журналы, №10, 1958) кыргызча "Овон" деген ат менен жарык көрдү. Повесттин автор өзү кыргызчалаган варианты да орусчасындай эле көпчүлүк окурмандар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, сүймөнчүлүк менен кеп-сөз кылынды.
Шек жок, "Бетме-бет" да, "Жамийла" да ал учурдагы бүтүн кыргыз прозасы али көтөрүлүп чыга элек деңгээлде жаралган эле. Адабиятыбызда күтүүсүз мындай чыгармалардын чыгып калганына мен таң калып жүрдүм да, мунун сырын байкаштырып көрөйүн деп китепканадагы газета-журнал подшивкаларынан жазуучунун алгачкы аңгемелерин сыдыра окуп чыктым.
"Газетчик Дзюйо", "Ашым", "Биз андан ары барабыз" деген алгачкы үч аңгемеси автордун басма сөз бетинде көрүнүп, көпчүлүккө таанылуу тилеги менен жазылган экен. Арийне, а кезде өкмөттүк саясаттын жарчысы ролун аткарган советтик пресса актуалдуу идеологиялык кампаниялардын идеяларын ар кыл ыкмалар менен пропагандалаган тексттерге дайыма муктаж болуп турчу. Мезгилдүү басма сөздүн ушундай муктаждыктарын жана учурдагы талаптарын туюнган, ошондой эле өзүнүн жазгандарынын жарыкка чыкканын көргүсү келип өрөпкүгөн Чыңгыз Айтматов сталинизм режиминин жаңы дүйнөлүк согушту болтурбоо жана жаратылышты өзгөртүү багытында жүргүзүп жаткан саясий кампанияларынын ураандарын адабият тилинде пропагандалаш үчүн жаштык кыялынан реалдуу турмушка дегеле коошпогон жупуну сюжеттерди сыгып чыгарыптыр.
Жаш жазуучунун "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" деген соңку аңгемелеринде учурдун саясий ураандарын жөнөкөй иллюстрациялоо демилгеси жок экен. Алардын сюжеттери деле социалисттик эмгек, коомдук өндүрүш, советтик мораль маселелерине байланып, көбүнчө ойдон чыгарылган жасалма окуялар түрүндө курулуптур.
Айтор, байкаштырып баксам, Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери авторунун көркөмсөзгө жөндөмдүү, дурус билимдүү, жаңыча ой-сезимдүү экенин айгинелеп турса да, бийик эстетикалык критерийлер менен өлчөй келгенде бир кыйла көк жашык эле. Элестүү кылып айтканда, ал аңгемелер жай ортосунда жалбырактуу шак бутактарда турган алмалардай тоң, чийки, татымы жок эле.
Анын алгачкы аңгемелеринин дурусураагы "Асма көпүрөдө" жарык көргөндөн кийин эки жыл өтпөстөн, күзүндөгү дарак башында бышкан алмалардай төрт тарабы төп келген көркөм, ширелүү, барсагай алмалар сыяктанган "Бетме-бет" менен "Жамийла" жаш жазуучунун калеминен чыгып атпайбы! Мунун өзү кандайдыр бир сыйкырдуу катализатордун күчү менен май айында түйүлгөн алмалардын июлдун башында эле кадимкидей жетилип, кадыресе бышып калганындай бир укмуш эле. Албетте, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык өсүшүндө өтө тез кемелине келип, аң-таң кылган бийик секирик жасашына катализатор болуп жогоруда кенен айтылган факторлор (жазуучунун сталинизм диктатурасынан жабыр тартып чоңоюшу, Совет бийлигинин капыс жумшарышынан өз маалында пайдаланышы, ошол чакта Москвага барып окуп калышы ж.б.) ойногону да айдан ачык эле.
Мен Чыңгыз Айтматовдун аңгемелерин окуп жүргөндө Камбаралы Бобулов басса-турса "Жамийланын" тегерегинде сөз кылып, анын маани-маңызын ачып берүүчү бир макала жазууга чындап чыгынды. Ал адегенде аял-эркек арасындагы жыныстык мамилелер жөнүндөгү илимий китептерди конспектилеп чыкты, сүйүү темасына жазылган адабий чыгармалардын көбүн окуду, айрыкча аристократ келиндин ашыглык ышкысына азгырылгандан бийик кызматтагы чиновник күйөөсүн таштап, аристократ офицер менен баш кошконун баяндаган "Анна Каренина" романын, илимпоз адабиятчылардын ошол романды талдаган эмгектерин кайра-кайра окуп убараланды. Мунун баары "Жамийла" повестинин баш каарманынын чыныгы сүйүү сезимдери элөөрүткөн себептүү кан майданда жүргөн эрин чанып, тышкы көрүнүшү комсоо, бирок ички дүйнөсү бай, сулуу, айкөл бир келгин менен качып кеткенин психологиялык жана ахлактык жактан акташ, туура кылган деп ырасташ үчүн жасалды.
К.Бобулов дал ушундай мазмундагы "Махабат баяны" аттуу макаласын көп күч, мээнет, убакыт сарп кылып жазып, партиялык газетага жана адабий журналга бастырды. Бул көп жагынан дурус чыккан макала "Жамийла" повестине карата кыргыз адабий сынында айтылган биринчи олуттуу мактоо эле.
"Жамийланын" идеялык маани-маңызынын К.Бобуловдун макаласында талданышы Чыңгыз Төрөкуловичтин көңүлүнө төп келип, купулуна толгон окшобойбу, ал ошондон кийин Камбаралыны өз бооруна тартып, активдүү тарапкери жана жандоочусу кылып алды да, ар тараптан колдоп жүрдү. Маселен, ал өзү 1963-жылы "Правда" газетасынын атайын кабарчысы кызматынан бошонгондо, ар кандай кыргыз калемгери үчүн мартабалуу бул кызматка Камбаралыны калтырып кетти.
Тагдырдын тамашасына айла жок, "Махабат баяны" макаласын жазгандан беш-алты жыл өткөндө К.Бобулов Москвада аспирантурада окуп жүрсө, анын сулуу келинчеги башка бирөөнү Анна Каренина менен Жамийладан беш-бетер сүйүп калып, ага тийип кетти. Албетте, эр көкүрөк Камбаралы үчүн сүйүшүп кошулган жарынан эки перзенти менен кошо айрылуу кадыресе трагедия эле. Ал сүйгөн жарынын бул кылганын эң адилетсиз опаасыздык, күтүүсүз кыянат деп эсептеп, тааныш-билиштерине арыз-муңун төгүп өксөдү, каңырык түтөтө арман ырларын кураштырып, башта аңгемелер менен сын макалалар жазып жүргөн эргул күтүлбөгөн жерден кайгылуу акынга айланды.
Келинчеги чанып кеткенинин кайгысын эзмелеп бакылдай берип ал мени жадатып да, жүдөтүп да жиберди. Башта наалымайларын сабыр менен угуп, колдон келишинче муң-зарлуу көңүлүн жубатып жүргөн элем, бир күнү түтпөй кетип мындай деп ийбесминби: "Сен, молдоке, Анна Каренина менен Жамийланын сүйгөн кишилерин ээрчип кеткенин бардык жагынан туура деп жазбадың беле. Эмне, китептеги келиндердин эрлерин таштап сүйгөн жигиттерине кетип калганы туура болуп, сенин алганыңдын Анна менен Жамийланын кылганын кылганы чеки иш болуп калабы?"
Менин мүмкүн катары жумшак эле айткан бул кебим Камбаралыга октой тийген экен, ал эндирей түшүп, анан бир азга туталанып туруп, титиреген үнү менен бакырды: "Сенден угарым ушул беле?! Бүттү! Экинчи жүзүңдү карабайм!" Башка сөз айтканга буямасы келбей, колун терс шилтеди да, артына шарт бурулган бойдон шыр жүрүп берди.
Ошондон өлөрүнө эки жыл калганча мага салам айтпай жүрүп, бир күнү мен отурган кабинетке салам айтып кирди. Колун сунуп учурашып, бош креслого көчүк басты. "Мен кызыктай бир ооруга чалдыктым, - деп сөзүн баштады. - Эски дос эстен кетпейт" дешет экен, жөн эле сени менен көрүшөйүн деп келдим. Өзүңдүн деле башыңда бар го, бир күнү карылык моюнга лак минет экен."
Камбаралы мырза күжүлдөп шайдоот басып, бакылдап сөз талашып, тамашалашып каткырып жүргөн темпераменттүү эр азамат эле, анын капыстан муңайым, момун, жүдөңкү болуп калганы менин көңүлүмдү дароо зилдетип жиберди.
с. 1 с. 2 с. 3 с. 4

скачать файл

Смотрите также: